2025-04-01 05:07:01 0
КОНКУРСКА ЧАКЫРУУ! Ош мамлекеттик университетинин Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан 2025-жылдын апрель айынын башынан тарта төмөнкү номинациялар боюнча конкурстар жарыяланат: "ОшМУнун заманбап лектору" "ОшМУнун заманбап окутуучусу" "Педагогикалык дебют" "ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери" Конкурстун максаты — окутуучулардын кесиптик компетенциясын өркүндөтүү, инновациялык окутуу ыкмаларын жайылтуу жана мыкты педагогикалык тажрыйбаларды бөлүшүү. Конкурстун шарттары жана талаптары: Конкурска катышууну каалаган окутуучулар институт, факультет жана колледждердин деңгээлинде арыз тапшыруусу керек. Конкурстун шарттары, талаптары жана эрежелери боюнча кеңири маалымат Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнөн берилет. Арыздар кабыл алуу: 2025-жылдын апрель айынын башынан тарта Жеңүүчүлөрдү аныктоо: Түзүлгөн комиссия ар бир катышуучунун компетенцияларын баалап, жеңүүчүлөрдү тандоону ишке ашырат. Кадырлуу окутуучулар! Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбастан, өз педагогикалык чеберчилигиңизди көрсөтүп, кесиптик өнүгүүңүзгө жаңы мүмкүнчүлүк жаратасыз! Конкурска кош келиңиздер!