2025-жылдын 9-апрелинде окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо
бөлүмүнүн кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын күн тартибинде төмөнкү
маселелер каралды.
1. ОшМУнун 2025-жылы аккредитациядан өтө турган программаларынын ишмердиги
жана окуу-усулдук комплекстеринин сапатына мониторингдин жыйынтыгы (жооптуу
А.А.Парпиева);
2. ОшМУнун “Заманбап окуу басылмасы" жана «Заманбап электрондук окуу
басылмасы» конкурсунун жобосун талкуулоо (жооптуу М.Р.Розыкова);
3. Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын жылдык
рейтингин жүргүзүү жөнүндө жобону толуктоо (жооптуу М.М.Былыкова);
4. Ар түрдүү маселелер
а.Бөлүмдүн апрель айында түзүлгөн иш-планы боюнча аткаруу процессин карап
чыгуу.
Бөлүм башчы отурумда коюлган ар бир маселеге кенен токтолду. Өзгөчө бөлүм
тарабынан жазылып жаткан жоболорду кызуу талкууга коюп, сунуш, ой-пикирлер
менен толукталып жатты. Аталган жоболор ОшМУнун Административдик кеңешине
алып чыгууга даярдыгы каралууда. Бөлүм башчы ар түрдүү маселедеги бөлүмдүн
апрель айында түзүлгөн иш-планынын аткарылышын да көзөмөлгө алды.