2025-04-14 06:19:54 53
ОшМУнун окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан 2025-жылдын апрель айынын башынан "ОшМУнун заманбап лектору", "ОшМУнун заманбап окутуучусу", "Педагогикалык дебют" жана "ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери" деген аталыштагы конкурстарга институт, факультет жана колледждерден катышууну каалаган окутуучулардан арыздар кабыл алынып, конкурстун шарттары, талаптары жана эрежелери боюнча маалыматтар берилүүдө. Арыздар кабыл алынган соң, конкурска жеңүүчүлөрдү тандоо боюнча түзүлгөн комиссия ар бир катышуучунун компетенцияларын карап чыгып, жеңүүчүлөрдү аныктайт.