2025-04-18 05:06:49 38
КРнын Түштүк аймактык XII студенттердин олимпиадасына Ош мамлекеттик университетинен студенттерди катыштыруу максатында, окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан англис тили (факультеттер аралык окутууда) сабагынан экзамен уюштурулду. Экзаменде мыкты студенттерди тандоодо тест жана сүйлөшүү форматта өткөрүлүп, жогорку упай алган 3 студент аймактык олимпиадага жолдомо алышты.