• Новости Отдел качества обучeния и методического обеспечения

XII аймактык университеттер аралык студенттик олимпиадада ОшМУ 1-орунга ээ болуп, ийгилик жаратты

2025-04-29 04:59:47 54

2025-жылдын 19-апрелинде Б.Сыдыков атындагы кыргыз-өзбек эл аралык университетинде аймактык студенттер аралык олимпиада болуп өттү. Олимпиадага жалпысынан 7 (Ош мамлекеттик университети, М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети, А.Ж.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети жана Инновациялык технологиялар жана энергетика институту) окуу жай катышып, 36 предметтен ат салышты. ОшМУнун студенттери 16 предметтен 1-орунду багындырып, ал эми 19 предметтен 2-3-орундарды ээлешти. Олимпиада студенттердин билимин, окутулуп жаткан дисциплиналар боюнча ЖОЖдор аралык сыноо жана ынтымак-достукту бекемдөө максатында өткөрүлдү. Ошондой эле алардын предметтерди тереңдетип үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу, илимий, чыгармачылык ишмердүүлүккө кызыгуусун өнүктүрүү болууда.