2025-05-14 07:40:12 37
2025-жылдын 29-апрелинде ОшМУнун окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, п.и.к., доцент Былыкова Махабат Максатовна жетектеген окутуучулар жана студенттер жамааты Наманган мамлекеттик чет тилдер институтуна тажрыйба алмашуу максатында барышты. Аталган университеттин ректору Каримов Риводжиддин Гуломжонович жана жалпы профессордук окутуучулар жамааты конокторду жогорку деңгээлде жылуу кабыл алышып, студенттер даярдаган эл аралык тилдер фестивалына карата билим ярмаркасына күбө болушту. Эки окуу жайдын студенттерине дагы да ийгиликтүү билим берүүдө кызматташууну бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Эки окуу жайдын жамаатына ийгиликтерди каалайбыз.