2025-05-19 04:43:43 69
2025-жылдын 24-апрелинде медициналык колледжде орус тили окутуучусу Н.А.Атажанова «Орус тили сабагында санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу» деген темада усулдук семинар өткөрдү. Семинарга медициналык колледждин жана ЭАББПколледжинин окутуучулары катышты. Катышуучулар белгилегендей, семинар жемиштүү, пайдалуу жана жогорку деңгээлде өттү. Семинардын максаттары: 1. Окутуучуларды орус тили сабагында санариптик технологияларды колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу. 2. Окутуучулардын санариптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу. 3. Билим берүү процессине МКТны киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу. 4. Сабакта санариптик ресурстарды колдонуу боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгуу