• Новости Отдел качества обучeния и методического обеспечения

Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Казакстанда тажрыйба алмашты

2025-05-28 09:07:35 22

ОшМУнун окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, п.и.к., доцент М.М. Былыкова, башкы адиси М.Б.Розыкова, методист-координаторлор Г.Т. Жээнбекова жана М.Т. Нурмаматовалар 2025-жылдын 20-майынан 23-майына чейин Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарында иш сапарында болду. Анда Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинде билим берүүнүн жана методикалык практиканын сапатын камсыз кылуу системасы боюнча иштиктүү тегерек стол болду. Тегерек столдо ОшМУда жана КазУКПУда окутуунун методикасы жана сапаты боюнча тажрыйба алмашуу, ой бөлүшүүлөр жана суроо-жооптор болду. Ошондой эле ОшМУ менен КазУКПУнун ортосунда ар тараптуу байланышты чыңдоо жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү ж.б. маселелер каралды. Андан соң Кампус боюнча тур уюштурулуп - “Ак тумар” музейине, Арт галереяга, физика, биология боюнча лабораторияларга жана китепканага экскурсия жасашты. Академиялык сапатты камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Иманбалина Асель Казыбековна өзүнүн ишмердиги тууралуу кенен баяндама жасап, сапатты камсыздоодогу жетишкендиктери жана ийгиликтери менен ой бөлүштү. Академиялык программаларды иштеп чыгуу бөлүмүндө да иштиктүү маек уланды. Квалификацияны жогорулатуу жана кошумча билим берүү борборунун директору Хамзина Камеш Умаровна менен да келечекте биргелешип иш алып баруу тууралуу бир топ иш-чаралар талкууланды. Натыйжада, Казакстан Республикасынын Казак улуттук кыздар педагогикалык университетине болгон иш сапар иштиктүү, жемиштүү болду.