• Новости Отдел качества обучeния и методического обеспечения

ОшМУнун окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 4-июнунда "ОшМУнун заманбап лектору-2025", "ОшМУнун заманбап окутуучусу-2025" жана "Педагогикалык дебют-2025" конкурстарынын финалдык туру өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

2025-06-18 07:52:30 17

ОшМУнун окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 4-июнунда "ОшМУнун заманбап лектору-2025", "ОшМУнун заманбап окутуучусу-2025" жана "Педагогикалык дебют-2025" конкурстарынын финалдык туру өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. "ОшМУнун заманбап лектору-2025" конкурсунун жеңүүчүлөрү: 1. Койлубаева Бурулча Кожоновна - 1-орун (Филология жана маданияттар аралык коммуникациялар институтунун доценти); 2. Саид Али Аббас Рахат - 1-орун (Эл аралык медицина факультетинин улук окутуучусу, PhD); 3. Низамиева Замира Анваровна - 3-орун (STEM инновациялык колледжинин окутуучусу); Нурматова Наргиза Беркинбаевна - 4-орун (Медициналык колледжинин окутуучусу). "ОшМУнун заманбап окутуучусу-2025" конкурсунун жеңүүчүлөрү: 1. Таалайбек кызы Мээрим - 1-орун (Филология жана маданияттар аралык коммуникациялар институтунун окутуучусу); 2. Айтиева Айниса Камаловна - 2-орун (Медицина факультетинин окутуучусу); 3. Алмазова Нурзат Алмазовна - 3-орун (Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу); 4. Кудайберди кызы Зейнегүл - 4-орун (Финансы-юридикалык колледжинин окутуучусу). "Педагогикалык дебют-2025" конкурсунун жеңүүчүлөрү: 1. Калбаев Жанболот Искендерович - 1-орун (Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун окутуучусу); 2. Даниярова Сайкал Нурбековна - 2-орун (Филология жана маданияттар аралык коммуникациялар институтунун окутуучусу); 3. Ырысбаев Эрзамат - 3-орун (Медицина факультетинин окутуучусу); 4. Осмонали уулу Адахан - 4-орун (Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун окутуучусу). Конкурска катышкан жалпы окутуучуларга ыраазычылык билдирип, жеңүүчү аталган жогорудагы окутуучуларды бөлүмдүн (ректораттын) атынан куттуктап, дагы да албан ийгиликтерди каалайбыз.