• Новости Отдел качества обучeния и методического обеспечения

ОСМКБнын методикалык кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

2025-11-11 10:28:20 26

2025-жылдые 5-ноябрь күнү ОСМКБнын методикалык кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Күн тартибинде 1-маселе боюнча ОМК мүчөлөрү (1-курстар, бардык деңгээлдер боюнча) билим сапатына диагностикалык баалоого мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгын маалымдашты. 2-маселе боюнча 2025-2026-окуу жылында аккредитациядан жана постаккредитациядан өтүүчү билим берүү программаларынын даярдыгы тууралуу Султанова К.Дж. сөз сүйлөдү. 3-маселе боюнча ОСМКБнын методист-координатору М.Т.Нурмаматова ОшМУнун “Заманбап лектор - 2025”, “Заманбап окутуучу - 2025”, “Педагогикалык дебют - 2025”, “Заманбап СӨАИ чебери - 2025”, “Заманбап окуу басылмасы - 2025”, “Заманбап ЭОМК (электрондук окуу-методикалык комплекси) - 2025” конкурстарынын программаларын түзүү, жарыялоону сунуштады. 4-маселе боюнча ОСМКБнын башкы адиси М,Б, Розыкова окуу жана окуу-усулдук басылмаларды ОшМУнун Окумуштуулар кеңешине сунуштады. Ошондой эле ар түрдүү маселелер каралып, ар бир маселе боюнча ой пикирлер айтылып баары бир добуштан кабыл алынды.