• Новости Отдел качества обучeния и методического обеспечения

Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу семинарларыбыз аягына чыкты.

2025-11-13 10:26:59 28

Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу боюнча семинарлардын үчүнчү туру 12-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика институтунда болуп өттү. 13-ноябрда семинар Теология факультетинде болду. Иш-чараны 2024–2025-окуу жылындагы «Педагогикалык дебют – 2025» жана «ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери – 2025» сынактарынын жеңүүчүлөрү — МФТИТИнин окутуучусу Калбаев Жанболот Искендерович жана STEM инновациялык колледжинин окутуучусу Мамай уулу Жеңишбек алып барышты. Семинарлар ТТДТТАТ жана Тарых-юридика институттарынын, медициналык, STEM, ЭАББП, айыл чарба колледждери жана эл аралык медицина, медицина, теология факультеттеринин ПО курамдын активдүү катышуусу менен кызыктуу, мазмундуу жана натыйжалуу өттү. Ушуну менен алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу боюнча семинарлар аягына чыкты. Семинарларды өтүп беришкен агай эжекелерге чоң рахмат айтабыз жана иштерине мындан да арбын ийгиликтерди каалайбыз.