• Новости Отдел качества обучeния и методического обеспечения

ОшМУда ПО курамынын окуу-методикалык документациясына мониторинг уланууда

2025-11-14 08:11:45 24

Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын 2025–2026-окуу жылына карата окуу-методикалык документациясынын даярдыгына мониторинг уланууда. Аталган иш-чара ушул жума ичинде, 2025-жылдын 11–14-ноябрында, МФТИТИнин кафедраларынан кийин университеттин бир катар структураларында өткөрүлдү. Тактап айтканда: 11-ноябрда – Индустриалдык-педагогикалык колледжинде, 12-ноябрда – ФМАКИнин чет тилдер бөлүмүндө, 13-ноябрда – Тарых-юридика институтунда, 14-ноябрда – Педагогика, журналистика жана искусство институтунун кафедраларында профессордук-окутуучулук курамдын окуу-методикалык документациялары каралды. Мониторинг кызуу, активдүү жана пайдалуу өтүп, натыйжалуу жыйынтыктарды берүүдө. Ал эми кийинки жумада дагы ОшМУнун башка структураларында улантылмакчы.