• Новости Отдел качества обучeния и методического обеспечения

ОшМУда “Кесиптик билим берүүдө компетенттүүлүк мамилеге ылайык окуу-методикалык документтерди иштеп чыгуу жана заманбап технологияларды пайдалануу” аталыштагы семинар-тренинг болуп өттү

2026-01-20 11:25:30 3

Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү 2026-жылдын 15–19-январында “Кесиптик билим берүүдө компетенттүүлүк мамилеге ылайык окуу-методикалык документтерди иштеп чыгуу жана заманбап технологияларды пайдалануу” аталышындагы 72 сааттык семинар-тренингди өткөрдү. Максаты – угуучуларды билим берүү стандарттары менен иштөөгө, компетенттүүлүк мамиледе окуу-методикалык документтерди жана заманбап сабак иштелмелерин түзүүгө даярдоо болду. Семинар 6 модулдан турду: 1-модуль – билим берүү стандарттары жана компетенттүүлүк мамиле (тренер: А.А. Маматова) 2-модуль – ОМК, силлабус, максаттарды аныктоо жана долбоорлоо (тренерлер: Ф.Э. Алиева, М.Т. Нурмаматова) 3-модуль – компетенцияларды калыптандыруучу технологиялар, сынчыл ойлом (тренерлер: Т.А. Жороев, Н.Ж. Жумаев) 4-модуль – студенттердин билимин баалоо жана БКФ иштеп чыгуу (тренер: Дж.Р. Тойчуева) 5-модуль – билим берүүдө санариптик эра жана жасалма интеллектти колдонуу (тренер: Н.К. Аркабаев) 6-модуль – ОшМУнун электрондук билим берүү ресурстары (тренер: Абдумиталип уулу К.) Иш-чара мазмундуу, кызыктуу жана натыйжалуу өтүп, катышуучулар үчүн пайдалуу тажрыйба болду.